Жаңылыктар
Алтын медалга татыган Ат-Башынын балынын өзгөчөлүгү эмнеде?
Аймак
Алтын медалга татыган Ат-Башынын балынын өзгөчөлүгү эмнеде?

Кыргыздын ак балы Лондондо өткөн абройлуу делген бал сынагында алтын медалга ээ болду. Фестивалга Ат-Башынын балы арабиялык "Балгиис" бал тармактар күркөсүнүн атынан коюлган. Компаниянын жетекчиси Рияд Хамеддин айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн балдын экологиялык тазалыгы менен өзгөчө даамы жогору бааланган. Калкынын саны боюнча дүйнөнүн сап башында турган Кытай, Түштүк Корея, Япония жана араб өлкөлөрүндө Теңир-Тоонун балына талап курч. Сапаты дагы жогорулатылып, балды өлкөнүн брендине айлантууга болоорун серепчилер айтышат.

Өлкө аймагы боюнча бал чогултуу маалы азырынча баштала элек. Учурда балчылар аарыларды багып, көбөйтүп, челектерди жайкы мезгилге даярдап жатат. Дагы 5 күндөн кийин мында турган идиштер, Теңир-Тоого жеткирилет. Эл аралык деңгээлде жогору бааланган ак бал тоолуу шартта чогулат. Буга Нарындын салкын, экологиялык таза абасы ылайыктуу. Анда ден соолукка пайдасы тие турган касиеттери арбын. Ызат мырза сыяктуу балчылык менен алектенгендер четтен чыгат. Аны кайра иштетүү жигердүү колго алынган. Азыкты цехке кабыл алуудан мурда тыкыр текшерилет. Курамында антибиотик болбошу маанилүү. Бул балды Кыргызстандан импорттоп, кабыл алуучу өлкөнүн талабы. Ички колдонуучулар үчүн бал азыктары түрү менен чыгат.

Айыл чарба министрлигинин адистери окумуштуулар менен биргеликте балдын сапатын иликтеп чыккан. Сапатты аныктоочу диастаздык белгиси болот. Ал стандартка ылайык 10 гёте болсо, Кыргызстанда өстүрүлгөн балдын сапаты 25-27 гётени көрсөткөн.

Статистикага таянсак өлкөдө жылына үч тоннага чейин бал өндүрүлөт. Адистердин баамында бал жапайы шартта чогулгандыктан сапаты жогору болбосо, кесипкөй адистер жетишсиз. 

Айжан Кулмамбетова 9 жылдан бери бал азыктарын чет өлкөгө экспорттойт. Ишкер айым өткөн жылы 50 миң тонна азык экспорттоп, өкмөттүн "Бал жана бал азыктарын мыкты экспорттоочу - 2018, күмүш рейтинги" аталышындагы сыйлыгына татыган. Дүйнөгө кыргыздын балы бренд катары таанылып жаткандыктан, абройлуу сынактарга өлкөнүн атынан коюлушу керек. Бул үчүн атайын мыйзам иштелип, бал өндүрүүчүлүк өзүнчө бир тармак катары түзүлүшү керек, - дейт ишкер айым.

Кыргызстандын балы дүйнөдө калкынын саны боюнча алдыңкы орунда турган Кытай, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар мамлекети сыяктуу ири өлкөлөргө экспорттолот. Японияда балык өстүрүлгөндүктөн бул азык алардын тамактануу маданиятына киргизилген сыяктуу эле Кыргызстанда да бал тамактануу маданиятына кириши керек, - дейт серепчилер.