Жаңылыктар
Президент ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт атады
Саясат
Президент ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт атады

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракелик жыйынына катышты. Жыйындар тар жана кеңири курамда өтүп, анда өлкө башчысы уюмдун ишмердигин жакшыртууга багытталган бир катар сунуштары менен бөлүштү. Алгач мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларын евразиялык интеграциянын беш жылдык мааракеси менен куттуктап, Биримдиктин толук кандуу иштешине салым кошуп жаткандардын баарына ыраазычылык билдирди. 

Мамлекет башчысы белгилегендей, глобалдык экономикалык чакырыктардын таасир этүүсүнө карабастан, Биримдиктин калыптануусу улантылууда. Президент артыкчылыктуу багыттардын бири катары санариптик күн тартибин ишке ашырууну атады. Мамлекет башчысы ошондой эле бирдиктүү эмгек ресурстарын түзүүнүн маанисин баса белгиледи. Дагы бир маанилүү багыт катары ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктарды жоюу маселеси көтөрүлдү. 

Биримдиктин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда жана үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарын түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз карандылыгын белгиледи. Ошондой эле, өлкө башчысы бажылык төлөмдөр, жалпы электроэнергетикалык рынокту жөнгө салуу боюнча бир органды түзүүнүн максаттуулугун карап чыгуу боюнча сунуш келтирди. 

Мааракелик жыйын ЕАЭБди түзүү демилгесинин 25 жылдыгы жана уюмдун түзүлгөнүнүн 5 жылдыгына арналып, ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь жана Армениянын президенттери катышты.