Андан бери уюмга мүчө өлкөлөр арасында мыйзамдарга оңдоп-түзөөлөр киргизилип, ич ара продукцияларды жүгүртүүгө карата кыйла иштер жасалды. Азыктардын сапатын текшерүүчү лабораториялар, сактоочу логистикалык борборлор ачылып, аны менен бирге ЕАЭБдин бирдиктүү реестри түзүлдү.
ЕАЭБдин Бирдиктүү реестри - Бажы биримдигине кирген бир өлкөдөн экинчисине өзү өндүргөн, кайра иштеткен, сактаган товарын жеткирүүгө расмий уруксаты бар ишканалардын тизмеси. Эт азыктарын экспорттоодо негизги талап, малдын бардыгы реестрге кирген цехтерде союлушу зарыл.