Жаңылыктар
Мектеп окуучусу мушташтан каза тапты
Кылмыш
Мектеп окуучусу мушташтан каза тапты

Бишкек шаарында мектеп окуучусу мушташтан каза тапты. Учурда бул окуя боюнча айрым маалымат каражаттары бир нече мектеп окуучулары мушташкан десе, кээ бир социалдык тармактарда эки баланын ортосунда уруш чыккан деген маалымат айтылууда.

Окуя 27-май күнү кечинде дал ушул жерде, тагыраак айткандай №48-мектеп-гимназиянын алдында болгон. Болжол менен кечки саат 8 дер чамасында бул мектепте окуган 9 класстын окуучулары мушташа кетип, натыйжада алардын бирөө ооруканага жеткирилген.