Жаңылыктар
Санжар Муканбетов Экономика министри болуп дайындалды
Экономика
Санжар Муканбетов Экономика министри болуп дайындалды

Тийешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Эркинбек Чодуев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Самат Кылжыев Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси-министри болуп бекитилди. Өлкө жетекчинин ушул эле күнкү чечими менен Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.