Жаңылыктар
Туризмди өнүктүрүү максатында жаңы аба каттамдары ачылат
Туризм
Туризмди өнүктүрүү максатында жаңы аба каттамдары ачылат

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында бир катар жаңы аба каттамдары ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, "Qazaq Air" авиакомпаниясы 2019-жылдын 7-июнунан тартып Алматы — Ош — Алматы багытында жумасына эки жолу - жума жана жекшемби күндөрү каттай баштайт. Бул авиакомпания 5-апрелден тартып Алматы — Бишкек — Алматы каттамы боюнча уча баштаган.

Муну менен бирге "Air Arabia" авиакомпаниясы 2-июлдан тартып Шарджа — Бишкек — Шарджа багытында аба каттамын ишке ашырат. Учактар жумасына 4 жолу — шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү учат. "Өзбек аба каттамдары" авиакомпаниясы 27-июндан баштап Ташкент — Тамчы — Ташкент каттамын ачат. Учактар чартердик негизде жекшемби күндөрү каттайт."Атлас Глобал" авиакомпаниясы тарабынан 10-июндан тарта жайкы мезгилге карата Анталия — Бишкек — Анталия каттамы ишке кирип, жума жана жекшемби күндөрү каттайт.

Мындан тышкары, 22-июнда "Сибирь" авиакомпаниясы Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багытында жекшемби күнү каттай турган болду.

"Tez Jet" авиакомпаниясы 28-июндан баштап жумасына төрт жолу учкан Ош — Тамчы — Ош каттамын жандандырат.

Ал эми июнда "Түрк аба каттамдары" авиакомпаниясы Анталия — Бишкек — Анталия багытында жумасына бир жолу — ишемби күнү учкан каттамды ишке ашырат.