Жаңылыктар
Координациялык кеңештин жыйыны өттү
Экономика
Координациялык кеңештин жыйыны өттү

Өкмөткө караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү.

«Бул консультативдик кеңештин ишмердүүлүгүнүн алкагында буга чейин талкууланган маселелер боюнча белгилүү бир жылыштар бар экендигин белгилей кетүү зарыл. Анын ичинде мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча Жобо жактырылган. Бул Жобонун кабыл алынышы мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун илгерилетүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин жакшыртат жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр үчүн да пайдалуу болот», – деди жыйынга жетекчилик кылган вице-премьер-министр Замирбек Аскаров. 

Аскаров ошондой эле суу боюнча өтөт зарыл маселелерде жылыштарды белгиледи. Анын айтуусунда, үстүбүздөгү жылдын 23-майында Климаттык каржылоо боюнча борбор ишке кирди. 

«Өкмөттүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун климаттык саясат жана климаттык аракеттерге инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү иштерин күчөтүү зарыл», – деп кошумчалады ал. 

Координациялык кеңештин тең төрагасы, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар белгилегендей, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү кеңешмени туруктуу негизде өткөрүү кубандырат. «Бүгүн биз Кыргызстандын санариптик трансформациялоо жөнүндө бет ачар менен таанышууну сунуштайбыз. Бул тема Президент Сооронбай Жээнбеков жана өлкө Өкмөтү үчүн канчалык актуалдуу, артыкчылыктуу экендигин билебиз», – деди ал.