Жаңылыктар
Жогоруку Кеңеш бир катар кызмат ордуна талапкерлерди жактырды
Саясат
Жогоруку Кеңеш бир катар кызмат ордуна талапкерлерди жактырды

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр  сунуштаган  экономика министри кызмат ордуна  Санжар Муканбетовдун,  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине  Эркинбек Чодуевдин,  Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри кызмат ордуна Самат Кылжыевдин, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды.

 Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. 

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.