Жаңылыктар
Президент Жээнбеков Индия Республикасына учуп кетти
Саясат
Президент Жээнбеков Индия Республикасына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Нью-Дели шаарына Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурация аземине катышуу үчүн учуп кетти.

31-майда, Мамлекет башчысы Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.