Жаңылыктар
Тышкы иштер министрлиги доклад боюнча билдирүү таратты
Саясат

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 14-апрелдеги АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары тууралуу докладында Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы боюнча келтирилген маалыматына жооп берди.

 Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги докладда айтылгандардын деерлик баарында саясий өңүт жатканын, маалыматтардын бурмаланганын жана кандайдыр бир тараптын кызыкчылыгын коргоого багытталганын белгилейт.

Тышкы иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик департаментинин докладындагы мыйзамсыз камакка алуулар, жогорку кызматтагылардын жоопкерчиликке тартылбай атканы, Азимбек Аскаровдун укуктарынын бузулушу жана бейөкмөт уюмдарына болгон кысымдар тууралуу айыптоосу чындыкка коошпой турганын, бул өлкөнүн азыркы саясий түзүлүшүнө карата атайылап жасалган саясий чагым экенин белгиледи.