Жаңылыктар
Ысык-Көлдө окуучу бала сууга чөгүп кетти
Аймак
Ысык-Көлдө окуучу бала сууга чөгүп кетти

Ысык-Көлдө  классташтардын эс алуусу  өлүм менен аяктады. Окуя 29-майда  Каракол шаарына жакын жердеги көл жээгинде болгон. 

Маалыматка  ылайык,  шаардагы мектептердин биринин  окуучулары көлгө тушкөну барышкан. 15 жаштагы өспүрүм бала   бир жээктен экинчи жээкке сүзүп өтүүнү көздөп, бирок күчү жетпей, чөгүп кеткен . Куткаруучулар анын денесин  3 метр тереңдиктен табышкан.