Жаңылыктар
Таласта "Чеги жок спорт" аталышындагы спорттук фестиваль өтөт
Спорт
Таласта "Чеги жок спорт" аталышындагы спорттук фестиваль өтөт

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Талас шаарында "Чеги жок спорт" аталышындагы спорттук фестиваль өтөт. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлады. 

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында парамарафон, армрестлинг боюнча мелдештер жана спорттун ар кандай түрү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Парамарафончуларды колдоо максатында мелдешке дени-карды соо жарандар дагы катыша алат. Аталган мелдеш ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо жана паралимпиадалык спортту өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатат.