Жаңылыктар
Ак-Талаа айылында ат оюндары болуп өттү
Спорт
Ак-Талаа айылында ат оюндары болуп өттү

Нарын районунун Ак-Талаа айылында ат оюндары болуп өттү. Анда ага республиканын булуң-бурчунан 100гө чукул саяпкер күлүктөрүн алып келген. Бүйүрдү кызыткан ат чабышта адаттагыдай эле төрт түр боюнча аргымактар жарышты. 

Иш-чараны дубандан чыккан, атагы алыска жеткен саяпкер Асанбек Касымбековдун жаркын элесине арналып уюшулду. Муну менен катар айылдагы ат майданга анын ысымы берилип, маркумдун балдары майданды толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беришти. Жарыштан уткандарга баалуу сыйлыктар тапшырылды.