Будапештте сейилге чыккан катер кырсыкка учурап, 7 киши каза болду, дагы 16 дайынсыз болууда. Чөгүп кеткен кемедеги 34 кишинин көпчүлүгү Туштүк Кореянын жарандары экендиги айтылат.
Маалыматка ылайык, окуя 30-майга караган түнү Будапештте орун алган. Анда туристтерди ташыган эки кеме сүзүшүп, жыйынтыгында бирөө чөгүп кеткен.
Полиция кызматкерлери 18 адам куткарылып, анын ичинен 4 киши жабыркаганын жана дагы бир жүргүнчү жээктен аман-эсен табылганын маалымдады. Учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштери улантылууда.