Жаңылыктар
Ошто өзбек киносунун күндөрү өтөт
Маданият
Ошто өзбек киносунун күндөрү өтөт

6-8 июнда   Ош жана  Жалал-Абад шаарларында өзбек киносунун күндөрү өтөт.  

Иш чаранын алкагында кино сүйүүчүлөрдүн назарына Рашид Маликов, Умид Хамдамов жана Сарвар Каримовдун үч  тасмасы тартууланат. 

Анын   арасында Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылган фильм  дагы  бар.  Ушул эле көркөм  тасмалар   Жалал-Абад  шаарында 7-июнда  көрүүчүлөргө тартууланат. Кирүү акысыз.