ӨКМ шашылыш билдирүу таратты. Маалыматка ылайык, 1-июнда күндүз Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июндарда көпчүлүк аймактарда, 4-5-июндарда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 2-5-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.