Жаңылыктар
Финансы форумунда банк тутумун санариптештирүү талкууланды
Экономика
Финансы форумунда банк тутумун санариптештирүү талкууланды

Банк тутуму санариптешет. Бишкекте өткөн эл аралык финансы форумунда бул маселе талкууланып, каржы мекемелеринин калкка кызмат көрсөтүүсүн жеткиликтүү кылуу керектиги белгиленди. Каржы тармагын санариптештирүүдө аймактардын абалына өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Бишкек эл аралык финансы форуму ар жылы уюштурулуп келет. Бул ирет каржы тармагын санариптештирүү жана жашыл экономикага байланышкан маселелерге көңүл бурулду. Чет элдик адистер колдонулган тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр. Бирок жаңы технологияларды колдонууда калк сабаттуу болушу керек. Өлкөнүн башкы банкири бул каржылоо инфротүзүмүн өнүктүрүүгө тете маселе экенин билдирүүдө. Каржы тармагын санариптештирүүдө аймактардын абалына өзгөчө көңүл бурулат. Бул мамлекет артыкчылык берген маселелердин сап башында.

“Айыл банктын” кардарларынын көпчүлүгү аймактарда. Бул каржы мекемеси да калкка кызмат көрсөтүүнү жеткиликтүү кылууда санариптик технологиянын жардамына таянат. Бишкек эл аралык финансы форуму эки күнгө белгиленген. Жыйын соңунда кабыл алына турган чечим сунуш катары тиешелүү мекемелерге берилет.