Жаңылыктар
Кадамжайда кайрадан жибек өндүрүү тармагы колго алынды
Аймак
Кадамжайда кайрадан жибек өндүрүү тармагы колго алынды

Кадамжай районунда кайрадан жибек өндүрүү тармагын жандандыруу аракеттери көрүлүп, быйыл 2 тоннага жакын сырьё алынды. Өндүрүлгөн чийки затты жибек өндүрүү боюнча келишимге ылайык кошуна Өзбекстан мамлекети сатып алат. Учурда пилланын килограммы 140 сомго бааланууда. Кадамжай районунун жергиликтүү бийлиги айыл чарбасынын бул түрүн жандандырып, келечекте кайра иштетүүчү ишкана курууну пландап жатат. Унутта калган тармактын кайрадан жандануусу кандай ишке ашууда? 

Данияр Юсупов 1 ай ичинде 100 кг га жакын пилла өндүрдү. Аны сатуудан 15 миң сомго жакын табат. Бул каражат сыноо иретинде эле алгачкы жолу баштаган ишинин акыбети. Кийинки жылдарда жибек куртун көбөйтүп, сырьё өндүрүүгө астейдил аракет көрөөрүн айтат. Айыл чарбасынын бул тармагы аз убакытта көп кирешелүү болооруна көзү жетип турган чагы.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жибек өндүрүү боюнча түзүлгөн меморондумга ылайык Фергана облусунан жибек курттары алынган. Андан өндүрүлгөн түйдөктү кайра эле Фергана облусу сатып алат. Кадамжай районунун абасы салкын болгондуктан сапаты жагынан Өзбекстанда өндүрүлгөн сырьёдон жогору экени айтылууда.

Кадамжайлык жибек өндүрүүчүлөр келечекте кайра иштетүүчү фабрика куруу керектигин жана чийки затты эмес даяр жибекти сатууну көздөп турушат. Ошондо 140 сомдон сатылып жаткан пилла кайра иштетилсе, 40 долларга чейин көтөрүлөт. Ал үчүн аймактагы тыт плантацияларын жакшыртуу керек. Жибек өндүрүү союз учурунда кеңири жайылган. Совет өкмөтү айыл чарбасынын бул тармагын 1990-жылдарга чейин Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жайылтып, кеңири кулач жайган өндүрүш болгон. Баткен облусунун Кадамжай району кайрадан тармакты жандандырууну колго алды.