Жаңылыктар
Көр сатууга байланышкан кылмыш иши сотко өттү
Кылмыш
Көр сатууга байланышкан кылмыш иши сотко өттү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы көр сатууга байланышкан кылмыш ишин сотко өткөрдү. Мекеме тараткан маалыматта Бишкек мэриясынын "Аза кызматтары" агенттиги тарабынан 200дөн ашуун кабыр жайлары каттоого алынбастан берилгени, ишкананын кассасына акча төлөнбөгөнү аныкталды. Анын негизинде агенттиктин мурдагы жетекчиси баштаган төрт адамга айып коюлган. Эске салсак, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү жарыялангандан кийин көр сатуу ишин тергөөгө алган.

Иликтөөнүн натыйжасында шаар бийлигинин "Аза кызматтары" агенттиги 2014-жылы жана 2015-жылдын беш айында кабырларды эч кандай тиешелүү документтерсиз бергени аныкталган. Ишкананын кассасына акча төлөнгөн эмес. Катталбаган кабыр жайларынын саны эки жүздөн ашык экени белгиленди. Иликтөөнүн жүрүшүндө “Түштүк-Батыш көрүстөнүндө” инженердик коммуникациялар үчүн колдонулуп келген жерлер да кабыр катары сатылганы аныкталган.

Былтыр маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүндө көр сатууга байланышкан чуулгандуу маалыматтар ачыкка чыккан. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул ишти дээрлик бир жылдай тергеди. Кабырды соодалоого байланышкан иш коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Кылмыш иши Бишкектин Ленин райондук сотунда каралат.