Жаңылыктар
Легендарлуу кинорежиссёр Болотбек Шамшиевдин китеби жарык көрдү
Билим
Легендарлуу кинорежиссёр Болотбек Шамшиевдин китеби жарык көрдү

Легендарлуу кинорежиссёр, жазуучу Болотбек Шамшиевдин жаңы китеби жарык көрдү. “Эсимде” китебинин бет ачар аземине коомдук, саясий ишмерлер, күч структураларынын кызматкерлери, ММКнын өкүлдөрү жана талантты баалаган замандаштары келип каалоолорун айтып, китеп тууралуу ойлору менен бөлүшүштү.

СССРдин Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр жана ойчул Болотбек Шамшиевдин жакында эле жарык көргөн жаңы китебинде согуштан кийинки, тагыраак айтканда 1949-жылдагы реалдуу окуялар чагылдырылган. Алты ай убакыт аралыгында жазылган бул эмгек - өзгөчө укук коргоо тармагында иштеген жаштарга зор пайдасын тийгизип, өрнөк боло алат. Жеңил иш болбойт. Ар бир жумуш көптөгөн мээнетти талап кылат. Бул китеп да чымырканган эмгектин, чыгармачылык эргүүнүн ширелүүсү менен жазылган.

Болот Шамшиев чыгармасынын каармандары катары бүткүл өмүрүн кыргыз милициясынын түптөлүшүнө, өсүп-өнүгүүсүнө арнаган адамдарды тандап алган. Азыркы жаш кызматкерлер ушул китеп аркылуу тарыхын билип өсүшү керектигин айтат ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы. 

Эски муун менен жаңы мунду туташтыра турган романда автор тарых аркылуу бүгүнкү күнгө кайрылууну максат кылган дешет окурмандар.
500 гана нускада чыгарылган мурастын дагы бир өзгөчөлүгү - элестүү жазылгандыгында. Роман сериал иретинде жазылгандыктан окуган адамга көркөм фильм көргөндөй таасир калтырат.