Жаңылыктар
Президент Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурациясына катышты
Саясат
Президент Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурациясына катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-майда Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин инаугурация аземине катышты. Нарендра Моди ушул жылдын 20-майында "Улуттук демократиялык альянстын" башкаруучусу болуп шайланган. Муну менен ал Индия өкмөтүн эки мөөнөт менен башкарууда. Моди Индиянын 16-өкмөт башчысы.

31-майда, Мамлекет башчысы Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Ислам кызматташтык Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өтөт.