Жаңылыктар
Ош обусунун аймагында турак жайлар кырсыктардан корголду
Кырсык
Ош обусунун аймагында турак жайлар кырсыктардан корголду

2019-жылга Ош облусу боюнча “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш мерчемине жалпы 94 обьект каралып, андан сырткары 9 обьект мерчемге кошумча киргизилип, жалпы 103 обьект болгон. Бүгүнкү күнгө, облус боюнча 61 обьектте жумуш жүргүзүлүп, 51 обьектте жумуш бүткөрүлгөн. Ал эми 6 объектиде жумуш жүрүп жатат.

Кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында аткарылган иштердин натыйжасында 1001 кожолук жол каттамы менен камсыз болуп, 2313 турак жай,  958 га айыл чарба жерлери,  10 чакырым ички чарбалык жол, 1 мечит, 1 бала бакча, 2,5 чакырым канал жана 1 көпүрө сел коркунучунан корголду.