Жаңылыктар
"Акнет" ишканасынын жетекчиси камалды
Кылмыш
"Акнет" ишканасынын жетекчиси камалды

"Акнет" ишканасынын президенти Кубан Ажимудинов жана анын шериктеринин бөгөт чарасы аныкталды. Тиешелүү чечимди 30-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, алар эки айга тергөө абагында болот.

Ажимудинов менен кошо кармалгандар «Строй Сеть» компаниясынын директору жана башкы эсепчиси. Тергөө «Строй Сетти» ири суммадагы каражаттарды чыгарып кетиш үчүн түзүлгөн «Акнетке» байланыштуу компания деп эсептейт.

"Акнетке" карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Компания президенти жана аны менен чогуу айыпталган эки киши апта башында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин билдирүүсүндө, «Акнет» ишканасына каршы арыз ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Абдумажитов менен президент Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик бар экени ачыкка чыккан.