Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында бир катар жаңы аба каттамдары ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, "Qazaq Air" авиакомпаниясы 2019-жылдын 7-июнунан тартып Алматы - Ош - Алматы багытында жумасына эки жолу - жума жана жекшемби күндөрү каттай баштайт. Бул авиакомпания 5-апрелден тартып Алматы - Бишкек - Алматы каттамы боюнча уча баштаган.
Муну менен бирге "Air Arabia" авиакомпаниясы 2-июлдан тартып Шарджа - Бишкек - Шарджа багытында аба каттамын ишке ашырат. Учактар жумасына 4 жолу - шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү учат. "Өзбек аба каттамдары" авиакомпаниясы 27-июндан баштап Ташкент - Тамчы - Ташкент каттамын ачат. Учактар чартердик негизде жекшемби күндөрү каттайт."Атлас Глобал" авиакомпаниясы тарабынан 10-июндан тарта жайкы мезгилге карата Анталия - Бишкек - Анталия каттамы ишке кирип, жума жана жекшемби күндөрү каттайт.
Мындан тышкары, 22-июнда "Сибирь" авиакомпаниясы Новосибирск - Тамчы - Новосибирск багытында жекшемби күнү каттай турган болду.
"Tez Jet" авиакомпаниясы 28-июндан баштап жумасына төрт жолу учкан Ош - Тамчы - Ош каттамын жандандырат.
Ал эми июнда "Түрк аба каттамдары" авиакомпаниясы Анталия - Бишкек - Анталия багытында жумасына бир жолу - ишемби күнү учкан каттамды ишке ашырат.