Жаңылыктар
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартууга каршы күн
Ден соолук
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартууга каршы күн

Чылым чегүүгө каршы күрөштү бир гана саламаттык сактоо министрлиги эмес, Кыргызстандагы бардык ведомстволор жүргүзүүсү керек. Мындай сунуш 31-май - Бүткүл дүйнөлүк тамеки тартууга каршы күнүнө карата уюшулган иш-чарада айтылды. Иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстанда соңку мезгилде чылым чегүү аялдардын жана кыздардын арасында өсүүдө. 

Акыркы 5 жылда аялдар арасында чылым чегүү 4 пайызга көбөйгөн. Расмий маалыматка караганда эркектердин 48 пайызы, аялдардын 20 пайызы чылымга көз каранды. Мындан улам, тамекинин адамдын ден соолугуна канчалык коркунуч туудура турганына коомчулуктун көңүлүн буруу абдан зарыл.

“Ошондуктан биз бардык мекеме ишканаларды, министрликтерди да тамеки менен күрөшүү боюнча биргелешип иш алып барууну суранабыз”,- деди Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова.