Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды

Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды. Курал колдонулган окуя Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак айылында 31-майда болду. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргызстандык аскерлер чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки унаасын байкашкан. Аларды токтотуу аракетинен майнап чыкпай, асманга ок чыгарышкан. Ага да болбой, унаа токтобогондо, кыргыз аскерлери машинанын дөңгөлөгүнө атууга мажбур болушкан. Натыйжада бир өзбек жараны жаракат алып, ал Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилди. 

Жаңжал боюнча тез аранын ичинде Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-чек ара аскерлеринин колбашчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн учурунда биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жаңжал чыккан жерге чек ара өкүлдөрүн жиберүү чечими кабыл алынган. Учурда жагдайды тактоо үчүн Кыргызстандын Ош облусу боюнча чек ара өкүлүнүн, Өзбекстандын Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуусу жүрүп жатат.