Жаңылыктар
Радиомарафондон түшкөн каражат балдар ооруканасына которулат
УТРК жаңылыктары
Радиомарафондон түшкөн каражат балдар ооруканасына которулат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радиосу” менен Ички иштер министрлиги биргеликте уюштурган радиомарафонго түшкөн жаражаттын болжолдуу суммасы электрондук эсепке түшкөн каражатты эсепке албаганда 300 миң сомго жакындап калды. 

Мунун ичинен 200 миң сомдун тастыктамасын өкмөттүн атынан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тапшырды, калганын министрликтер, ведомстволор, ички иштер министрлигинин башкармалыктары жана жарандар чогултту. Каражат Бишкек шаардык балдардын №3 клиникалык тез жардам ооруканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалат.