Жаңылыктар
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат
Спорт
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы тарыхта биринчи ирет Дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди. Анын айтымында, Эл аралык хоккей федерациясы менен биргеликте жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгы ушундай болду. 6-апрелде Кыргызстандын курама командасы өз тайпасындагы акыркы атаандашы Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчуларын жеңип, лидер болгон. Ага чейинки этаптарда Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконг командаларын ири эсеп менен уткан. 

Мындай жеңиш кыргызстандык оюнчуларга Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк бермек. Бирок хоккей боюнча Эл аралык федерация улуттук команданын курамында Россияда ойногон Александр Титов да болгон деген негиз менен буга чейинки төрт жеңишти жокко чыгарган. 

Бирок, Кыргызстандын федерациясы апелляцияга берип, өз чындыгын далилдей алды. Хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты эми 2020-жылдын 1-17-май аралыгында Швейцариянын Цюрих менен Лозанна шаарларында өтөт.