Жаңылыктар
УКМК: мыйзамсыз иш кылган милиция кызматкерлери кармалды
Кылмыш
УКМК: мыйзамсыз иш кылган милиция кызматкерлери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облустук криминалдык милициянын башчысынын орун басарын жана Москва райондук криминалдык милициянын оперативдүү кызматкерин 30-май күнү кармады. УКМК жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында алар 12-калибрдеги кесилген мылтык, ок-дарыларды жана жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен кармалышкан. 

Мекеменин маалыматына караганда, кармоо учурунда Чүй облустук криминалдык милициянын башчысынын орун басары өзүнүн ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасы менен кылмыш болгон жерден качып кетүүгө аракеттенип, бирок кармаганы барган топтун унааларынын бирин сүзүп алган. 

Маалыматта айтылгандай, алар ишкерлер менен чогуу коңшу өлкөдөн ири өлчөмдө акча каражатын мыйзамсыз ташыган адамдарга кол салмакчы болушкан. Коопсуздук кызматы "бул ишти Чүй облустук криминалдык милициясынын жетекчисинин орун басары уюштурган" деп кабарлады.

Учурда бул иш сотко чейинки териштирүү алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликтен аша чабуу" беренеси менен катталды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.