Жаңылыктар
Хоккей: Кыргызстанда спорттун бул түрүнүн келечеги барбы?
Спорт
Хоккей: Кыргызстанда спорттун бул түрүнүн келечеги барбы?

“Азия чакырыгы” кубогунда хоккей боюнча мелдеш Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады. Албетте, спорттун бул түрү биздин өлкөдө анча өнүгө элек тармак. Жана биздин хоккейчилер жогорку лигада ойноосу үчүн дагы далай жолду басып өтүшү керек.

Биздин хоккейчилер профессионалдар арасындагы жогорку лигаларда ойноону самашат. Бирок оюнчулар машыкчу өлкөдөгү муз аянтчаларынын эң чоңу, эң жакшысы эле ушул. 

Чоң хоккей- чоң каражаттарды талап кылат. Андыктан эл аралык арнега чыгууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек. Бирок, азырынча “Жакшы тилек - жарым ырыс” дей туралы. Кыргызстанда спорттун бул түрүнүн келечеги барбы?