Жаңылыктар
Балыкчы - Корумду жолунда капиталдык жол оңдоо иштери жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы - Корумду жолунда капиталдык жол оңдоо иштери жанданды

Балыкчы - Корумду жолунда дагы быйылкы жылдагы капиталдык жол оңдоо иштери жанданды. Жолчулардын билдирүүсүндө биринчи кезекте Балыкчы шаарынын ичиндеги жети чакырым жол тилкеси бүткөрүлөт. Себеби бул шаардыктар үчүн өтө ыңгайсыздыкты жаратууда. Муну менен эле катар калган жол каттамдарында көпүрө салуу, жолду суу түтүктөрүнө ыңгайлаштыруу иштери жүргүзүлө бермекчи. Жайкы эс алуу убагынын башталышында жол оңдоо иштери кандай таасир бериши мүмкүн жана жалпы иштер кандай ыраатта жүрүүдө.

Балыкчы - Корумду жолунда толук оңдоп түзөө иштери жалпы 104 чакырымда жүргүзүү белгиленген. Акыркы үч жылда капиталдык ремонт иштеринин алтымыш беш пайызга жакыны аяктап калды. Быйыл өзгөчө басым Балыкчы шаарына жасалганы турат.

Балыкчы шаарынын тургундары билдиргендей мурдагы асфальт алынгандан бери шаар турмушуна көптөгөн кыйынчылыктар жаралды.

Ремонт иштери жалпы жети чакырым жерде жүргүзүлүп, жол төрт тилкелүү болмокчу. Жол жээктей түнкү жарык тротуары менен жасалат. Буга жетиштүү каражат бөлүнүп берилген. Жол оңдоо иштери жалгыз эле Балыкчы шаарында жүрбөй жалпы тиешелүү жүз төрт чакырымда жүрө берет. Бирок негизги басым Балыкчы шаарына жасалат.

Балыкчынын ичиндеги бул каттамдын тез бүткөрүлүшүн көпчүлүк чындап күтүп жатат. Себеби Балыкчы шаары өнөр жай шаарынан туризм шаары деп аталып, ага чындап кадам таштай баштады.