Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият Тарых Тил” каналынын демилгеси менен 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Кут кармаган бала” аттуу айкелинин ачылыш аземи өтүүдө.
КТРКнын астанасында орнотулган айкелдин ачылыш аземи “Маданият Тарых Тил” каналы аркылуу түз алып көрсөтүлүүдө.
Айкелдин эң алдында урабас тоонун белгиси, кулабас зоонун үлгүсү болгон чулу таш орнотулган. Анын маңдайында эн белги түшүрүлгөн. Белгиде өлбөс өмүр кемеси, эзелки көчмөн элеси, асман атын теминип, кулачын жайып керилип, төбөсүнө кут конгон, төрт тарабы төп болгон, айлампа тарткан дүйнөдө асылдыкка жык толгон, көөнө көчмөн элеси көзгө тартылат.
Айкелдин ачылышында КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу сөз сүйлөп, “Кут кармаган бала” айкелинин КТРКнын астанасына орнотулушун жакшы жышаан катары белгиледи. Салтанатка маданият өкүлдөрү, ак элечектүү апалар, балдар жана КТРК кызматкерлери катышып, майрамдык маанай тартууланууда.