Жаңылыктар
Отставкалар жана орун алмашуулар
Саясат
Отставкалар жана орун алмашуулар

Өтүп бара жаткан жуманын башкы окуясы өкмөттөгү өзгөрүүлөр болуп калды. Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги парламенттеги бардык фракциялар тарабынан кодоо таап, 13-апрелде премьер-министр болуп шайланды. Жээнбековго  115 депутат, же пленардык жыйындын бардык катышуучулары бир добуштан колдоп берди.

Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында 3 адам алмашты: Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Соцфонддун төрагасы болуп иштеп жаткан Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Акылбек Осмоналиев коюлду. Ал эми транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Зарылбек Айдаров алмашылды. 

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин мурдагы жетекчиси Темир Сариев Балыкчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоодогу чыр-чатактан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен. 

Экс-премьер менен мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев тендер өткөрүүдө алешемдик кетирген, же болбосо, коррупцияга жол берген деп бири-бирине күнөө коюшкан. 

Балыкчы-Корумду жолу боюнча чырдын түйүнү түйүнү мартта эле түйүлгөн. Ошол учурдагы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев каттамдын курулушу менен таанышуу үчүн көлгө барганда Унаа жана байланыш министрлигиндеги департаменттин жетекчилери кытай компаниясынын ишине ичи жылыбай атканын айтып, Карашевка даттанышкан.