Жаңылыктар
«Ливерпуль» Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду
Спорт
«Ливерпуль» Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду

"Ливерпуль" - "Тоттенхэм" 2-1. Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы «Ванда Метрополитано» стадионунда өткөн оюнда жеңишке жеткен Англиялык "Ливерпуль" клубу футбол боюнча Чемпиондор лигасынын быйылкы жеңүүчүсү болуп калды. Топту атаандаштын дарбазасына Мохамед Салах жана Дивок Ориги киргизди. 

Муну менен «Ливерпуль» алтынчы жолу Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү аталды. Эки клуб 2018-жылдын күз мезгилинен бери турнирде жүрүшүн улантып келе жатат. Жарым финалда «Ливерпуль» Испаниянын «Барселона» клубун утуп алса, «Тоттенхэм» Голландиянын «Аякс» клубун жеңген. Оюн автокырсыктан каза болгон футболчу Хосе Антонио Рейесени эскерүү менен башталды.