Жаңылыктар
Театр өнөрпоздору эл аралык сынакта
Маданият
Театр өнөрпоздору эл аралык сынакта

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Татарстан мамлекетинин Казан шаарында өтүп жаткан «Нооруз» эл аралык театр фестивалына катышып жатат. Өнөрпоздор 2-июнда "Тинчурин" театрында калыстар тобуна түрк драматургу Тунжер Дүженоглунун «Көчкү» спектаклин көрсөтөт. Алгач жаш көрүүчүлөр театры 28-майда Башкортостан өлкөсүнө сапар алып, Уфа шаарында болуп өткөн «Туганлык-2019» эл аралык театр фестивалына катышкан. Ал кароо-сынакта кыргыз театры «Көчкү» спектакли менен «Эң мыкты психологиялык спектакль» номинациясына ээ болгон.