Жаңылыктар
Ооганстан: полиция участогундагы жардыруудан алты коопсуздук кызматкери мерт болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ооганстан: полиция участогундагы жардыруудан алты коопсуздук кызматкери мерт болду

Газни провинциясынын полиция участогундагы жардыруудан алты коопсуздук кызматкери мерт болду. 1-июнда ушул эле аймактагы дагы бир полиция имаратына кол салуу болуп, ондой күч кызматкери жаракат алган. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алып, 40ка жакын полиция кызматкерин жок кылганын жарыялады. 

Өтүп бара жаткан жумада Кабулда бир нече жардыруу болуп, ондогон адамдар жабыркаган. Ооган бийлиги талибдерге орозо айында ок атууну токтотууну сунуш кылган. Бирок «Талибан» мындай сунушту кабыл алган жок.