Жаңылыктар
Издөөдөгү Турциянын жараны Кыргызстанда кармалды
Кылмыш
Издөөдөгү Турциянын жараны Кыргызстанда кармалды

Оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерполдун багыты боюнча издөөдө жүргөн Турциянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Турциянын “У” аттуу жараны ички иштер органдарынан жашырынып,  Кыргызстандын аймагынында мыйзамсыз жүргөндүгү жана Европа өлкөлөрүнө жасалма документ менен кетүүгө аракеттенип жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Ушул жылдын 28-майында КР ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 35 жаштагы Турциянын жараны кармалган. 

Алынган маалымат боюнча ага Турция Республикасынын аймагында жасаган оор кылмыш иши үчүн издөө жарыяланган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми, соттун чечими менен №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Азыркы учурда кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.