Өтүп бара жаткан жумада 12-апрель Космонавтика күнү белгиленди. 55 жыл мурда жер шарынан алгачкы болуп Юрий Гагарин космосто болуп келген. Анда саясий, социалдык, улуттук өзгөчөлүктөрүнө карабай, жалпы дүйнө эли таң калыштуу биримдикти, бир бүтүндүктү сезишкен эле. Бул күн - адамдык рухтун, акылдын жеңишинин майрамы болуп калган.
Космосту изилдөөдө кыргыз окумуштууларынын салымы да чоң экени баарына эле маалым болсобо. Эки кыргызстандык Гагариндин дублеру болушкан. Ал эми кыргыз окумуштуулары айды изилдөө үчүн жабдуу иштеп чыгып, ал Кыргызстанда жасалып чыккан.
Кыргызстандын жаратылышы ушунчалык өзгөчөлүү жана кайталангыс экенин мындан билсе болот. Биринчи жолу космосто болгондон кийин Юрий Гагарин эс алып, ден-соолугун чыңдоо үчүн Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө келген.
Учкуч Тамгадагы аскер-спорттук санаторийде бир айдай эс алып, машыккан. Гагаринден кийин эс алуу жайда башка да атактуу учкучтар ден-соолугун чыңдаган.