Жаңылыктар
Темир жолдун жанында жарылуудан төрт киши жабыркады
Кырсык
Темир жолдун жанында жарылуудан төрт киши жабыркады

Бишкектеги темир жолдун жанында жарылуу болуп, төрт киши жабыркады. Шаардык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун башчысы жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор экенин билдирди. 

3-июнда эртең менен саат 9дар чамасында, Логвиненко менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдун боюндагы кампада жарылуу болгонун күбөлөр билдирип, сүрөттөрүн жиберишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин көчөлөрүндө жарылуу болгону тууралуу кабар түшкөн жок деп билдирди. 

Ички иштер министрлигин басма сөз кызматы жарылуу болгон аймакта "Кыргыз темир жолу" ишканасынын чарба бөлүгү жайгашканын жана ал жердеги буу чыгарган чоң челек жарылганын кабарлады.