Президент аппаратынын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
УКМК билдиргендей, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 319-берене ("Коррупция") боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагындагы ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө М. Арабаевдин жогорудагы кылмышка катыштыгы аныкталган.
2-июнь күнү М. Арабаев Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин тартиби боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүүдө.