Жаңылыктар
УКМК тыюу салынган техникаларды саткандарды кармады
Кылмыш
УКМК тыюу салынган техникаларды саткандарды кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкө аймагында маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттарды сатып өткөрүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында айтылган каражаттарды мыйзамсыз саткан адамдарды кармады. 

Такталгандай, аудио-видео жазуу үчүн атайын техникалык каражаттарды сатуу жарнамасы Интернет сайттардын биринде жайгаштырылган. Соттук санкция аркылуу жарнама берген адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда атайын техникалык каражаттар табылып алынды. 

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренеси боюнча (Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз жасап чыгаруу жана жүгүртүү) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.