Жаңылыктар
Орозо Айт майрамына карата Бишкектин көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет
Дин
Орозо Айт майрамына карата Бишкектин көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

5-июнь күнү Кыргызстанда Орозо Айт майрамы белгиленет. Айт намазы салтка айлангандай эле борбор калаанын эски аянтында окулат. Намаз учурунда Бишкектин бир нече көчөсү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. 

Унаа кыймылына чектөөлөр Чүй проспектисине — Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин; Фрунзе көчөсүнө — Абдрахмановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейин киргизилет. 

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык жарандар бул маалда кайсы бир жакка бара турган болсо башка альтернативдүү жолдорду тандаса деп эскертүүдө.