Жаңылыктар
Сузак районунун Жерге-Тал айылында көчөлөргө асфальт төшөлдү
Аймак
Сузак районунун Жерге-Тал айылында көчөлөргө асфальт төшөлдү

Сузак районунун Жерге-Тал айылында 3 көчөгө жаңы асфальт басылып жатат. Жолдун абалы буга чейин начар болуп, жеригиликтүү элди түйшүккө салып турган. Эми жолдун оңолушу менен элге ыңгайлуу шарт түзүлдү деп айыл эли кубанып турат. Мындан сырткары, ушул эле Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын 1 чакырым жолу жаңы асфальт болот. 

Куруу иштери жакында башталат. Жерге-Тал жана Жалгыз-Жаңгак айылына басылып жаткан жаңы асфальт түрткү берүүчү гранттын жана айыл өкмөтүнүн салымы менен ишке ашууда. Жаңы жолдорду курууга жалпы болуп 9 миллион сомго жакын акча жумшалууда.

"Асфальт болуп жаткан жолдун жээгинде бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана башка бир катар социалдык обьектилер бар. Ошол социалдык обьектилер жайгашкан аймактар асфальт болуп калды. Эл үчүн, окуучулар, жаш балдар үчүн абдан жакшы болду. Кыйналбай катташат”,- деди Жерге-Тал айылынын тургуну Абдуманап Маманов.

“Ишти баштаганыбызга 10 күн болду. Биздин биринчи милдетибиз, сапаттуу асфальт басуу. Ал үчүн болгон аракет жумшалып, тыкыр көзөмөл болуп жатат. Сапатсыз кыла турган болсок кайра эле өзүбүзгө күч келет. Себеби, биз курган жол келишимиде 2 жыл ичинде бузулуп кетсе, анда кайра биз куруп беребиз. Ошон үчүн сапаттуу куруу башкы маскат. Жолду 2-3күндө бүтөбүз”,- деди жол куруучу Сайдилла Чимбердиев.