Жаңылыктар
Бишкекте ысык суу эртеңден баштап берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ысык суу эртеңден баштап берилет

Бишкекке ысык суу пландалгандан эки күн мурда, тагыраагы, 4-июнь күнү берилет. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынан билдиришти. Тийиштүү буйрукка мэр кол койду. 

Эске салсак, Бишкекте 6-майдан бери суу түтүктөрүн кышкы сезонго даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан ысык суу убактылуу өчүрүлгөн. Шаарга ысык сууну толугу менен берүүгө үч күн убакыт талап кылынат. Алгач бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык маанилүү объектилерге берилет.