Жаңылыктар
Радиомарафондон түшкөн каражат балдар ооруканасына берилди
УТРК жаңылыктары
Радиомарафондон түшкөн каражат балдар ооруканасына берилди

"Биринчи радио" менен ИИМ уюштурган радиомарафондо 547 миң сомдон ашык каражат чогулду. Ал Бишкек шаардык №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына берилди. Каражатка дары-дармектер жана оорукананын муктаждыктары алынат. 

Коомдук биринчи каналдын "Биринчи радиосу" менен ИИМ уюштурган "Балдардын өмүрүн сактайлы" аталышындагы радиомарафонго министрликтер, ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

“Айрым техникаларыбызды алабыз. Ал эми медициналык аппарат алууга көп каражат кетет. Бул жерде дарыланып жаткан балдардын ата-энелеринин шарты болбогон айрым дарыларды алабыз. Бизде жок, кымбат дарылар бар алар менен камсыз кылабыз”,- дейт Бишкек шаарындагы №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башчысы Талант Өмүрбеков.