Жаңылыктар
Темир жолундагы жарылуунун себептерин атайын комиссия иликтемек болду
Кыргызстан жаңылыктары
Темир жолундагы жарылуунун себептерин атайын комиссия иликтемек болду

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенконун айтымында суу кайнаткан 40 тонналык меш казан жарылган. Кырсык жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын айланасында болуп, 4 киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын үчөө фирманын кызматкерлери, дагы бирөө - күзөтчү болгон.

Кырсыктын так себептери азырынча белгисиз. Аны аныктоо үчүн “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги атайын комиссия түздү. Жарылуу тууралуу маалымат желдей тарап, кырсык болгон жерди заматта милиция, мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери жана журналисттер каптады. Көпчүлүгү жардыруудан кийинки абалды тартууга жетишкен жок. Анткени иретке келтирүү тездик менен жүрдү. 

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенко казан мештеги жарылуунун божомолдуу чоо-жайын айтты. Анын айтымында, жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын кир жуучу цехиндеги суу ысыткан 40 тонналык казан меш жарылган.  Жардыруудан жабыркаган 4 киши тең дарыгерлердин көзөмөлүндө. Үчөө Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна бирөөсү улуттук госпиталга жайгашты. Травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген эки аялдын абалын ак халатчандар туруктуу оор деп баалоодо. Биринин денеси 22 пайыз күйсө, экинчи аялдын денесинде түрдүү сыныктар бар.