Жаңылыктар
Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине саналуу күндөр калды
Кыргызстан жаңылыктары
Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине саналуу күндөр калды

Тарыхый жолугушуулар 13-14-июнь күндөрү Бишкекте өтөт. Алдын ала маалымат боюнча ага 12 президент катышары кабарланган. Мындан сырткары Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттерь шериктештигинин, ЖККУнун жана башка уюмдардын аткаруу органдарынын жетекчилери да чакырылган. Кыргызстан иш-чарага кызуу даярдык көрүп жатат.

Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу мүмкүнчүлүгү мүчө мамлекеттерге кезеги менен берилет. Мамлекет башчыларынын саммити Бишкекте үчүнчү ирет өткөрүлгөнү турат. Бирок, ШКУнун кулачы кеңейгенден бери өлкө саммитти алгачкы жолу уюштурууда. Эки жыл мурда уюмдун курамына Индия менен Пакистан кошулган. ШКУнун түптөөчүлөрүнүн бири катары Кыргызстан алдыдагы иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү жоопкерчилигин сезип турат. Дипломаттар жана келишим түзүү каралган тармактардын жетекчилери тыгыз кызматташып, мамлекет башчыларынын отурумунун күн тартиби аныкталууда.

Шанхай кызматташтык уюму алаканы арттыра турган багыттарды чектебейт. Коопсуздукту биргелешип камсыз кылып, экономикалык кызматташууну бардык тараптарга ыңгайлуу жүргүзүп, маданий-гуманитардык байланышты да бекемдөөгө аракет көрүлөт. Бир айдын аралыгында Коргоо министрлери, Коопсуздук Кеңеш катчылары, Тышкы иштер министрлери, Маданият министрлери жолугушту. Бизнес-форум, аялдар форуму, эл аралык марафон жарышы да ШКУну даңазалады. Эми дүйнө калкынын дээрлик жарымын башкарган мамлекет башчылардын саммити күтүлүп жатат. Азырынча күн тартибине кирээр-кирбеси белгисиз. Ошентсе да жергиликтүү талдоочулар Кыргызстан уюмдун өнүктүрүү банкын түзүүнү демилгелейт деп болжоп жатышат. Бул маселени президент Сооронбай Жээнбеков Циндао шаарында болгон саммитте көтөргөн. Каржы мекемеси Бишкекте жайгашса бир катар экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жол ачылат.

 Саммитте жалпысынан 20дай документке кол коюлаары күтүлүүдө. Анын катарында дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлүү көрүнүштөргө карата бирдиктүү позицияны билдирген Бишкек декларациясы да бар. Экстремизмге, террорчулукка, андан кем эмес көйгөй жаратып жаткан киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, уюмдун мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылуу, маданий-гуманитардык алакага, экономикалык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган чечимдер кабыл алынат.