Жаңылыктар
Тажикстанда азык-түлүк кымбаттады
Экономика
Тажикстанда азык-түлүк кымбаттады

Тажикстанда Айт майрамынын алдында азык-түлүк саткан соода борборлорунда ажиотаж жаралды. «Саховат» базарынын сатуучусу Жамил Нуриддиновдун айтымында, бул жылы душанбеликтер майрамдык дасторкон үчүн таттууга өзгөчө көңүл бөлүшүүдө:

–Биздин дүкөндө колго бышырыла турган таттуулар үчүн бардык азык-түлүк бар, бирок кардарлар даярына артыкчылык беришүүдө. Эки күн ичинде үч айда таба турган киреше түштү.

Бул арада акыркы эки аптада эттин бир килограммынын баасы 47-49 сомониге (9 доллардын тегереги) кымбаттады. Орозо учурунда уй этине болгон суроо-талап көбөйгөн.

5-июнь Айт майрамында тажикстандыктар эс алат. Бирок мурдагы эки жыл катары менен билим берүү мекемелери иштеген.