Жаңылыктар
Кыргызстандык "Кош бол" тасмасы Москвадан жеңишке ее болду
Маданият
Кыргызстандык "Кош бол" тасмасы Москвадан жеңишке ее болду

Кыргызстандык кыска метраждуу "Кош бол" тасмасы 21-23-майда  Москвада өткөн "Алтын бешилик" ("Золотая пятёрка") студенттик тасмалардын эл аралык фестивалында жеңүүчү болду. 

 Фильм  6-июнда   Логвиненко  көчөсүндө  жайгашкан "Сорос-Кыргызстан" фондунда  саат 17.00 көрсөтүлөт.  Буга чейин аталган тасма "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалында жеңүүчү болгон. 

Германия 1-6-майда өткөн кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалында калыстардын чечими менен "Кош бол" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыган.