Эртең, 5-июнда кыргызстандыктар Орозо айт майрамын белгилешет. Муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстанда бүгүн, 4-июнь орозонун акыркы күнү экенин билдирди.
Ошондой эле 4-июнь — Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан, Кувейт, Египет, Иордания жана Сирияда Рамазан айынын акыркы күнү.
Орозо айт намазы Бишкек шаарында Эски аянтта окулуп, 5-июнда таңкы саат 06:00дө башталат.
Айт намаздын программасы:
06:00-07:00 — дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:20 — муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 — өкмөттүн куттуктоосу;
07:30 — Айт намаз.